Алмаз Акматов Эсептөө палатасына аудитор болуп дайындалды

Жаңы аудитор 2018-жылдан ушул күнгө чейин Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бөлүмдү жетектеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Эсептөө палатасынын аудитору болуп Алмаз Акматов дайындалды. Анын талапкерлиги президент тарабынан сунушталып, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берди.
Эсептөө палатасынын аудитору болуп Алмаз Акматов дайындалды
Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов кызматтан кетип премьер-министр болгондон кийин бир аудитордук орун бош турган. Анын ордун Акматов ээлей турган болду.
Алмаз Акматов 2018-жылдан ушул күнгө чейин Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүн башкарып турган. Ага чейин Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча бөлүмдөрдү жетектеп келген.