Башкы прокуратура: Аксыда аткаминерлер мамлекетке 19 млн. сом зыян келтиришкен

Райондук прокуратура жергиликтүү тургандардын арызынын негизинде текшерүү жүргүзүп, эки айыл өкмөттөгү мыйзамсыз иштерди аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Аксыда эки айыл өкмөтүндөгү жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштеринин натыйжасында мамлекетке 19 млн. сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Райондук прокуратура Тегене жана Ак-Суу айыл тургундарынын арызынын негизинде текшерүү жүргүзгөн.
Анын жыйынтыгында Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, пайдалуу кендерди мыйзамсыз казууга жол бергени аныкталган.
Мончо, спорт залдарды жылытып... УКМК Ош ТЭЦинен коррупциялык схема аныктады
Айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдарынын жана айрым юридикалык жактардын мыйзамсыз иштеринин кесепетинен мамлекетке 19 366 037 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталган.
Райондук прокуратура бул факт боюнча Жазык кодексиндеги 320-берене ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 233-берене ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгогон.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.