Жазышуулар автоматтык түрдө өчөт. Telegram жаңы кызматты кошту

Мессенджерге бардык жазышууларды автоматтык түрдө өчүрүү кызматын кошкондон кийин чаттагы маалыматтар 24 саттын же 7 күндүн ичинде жоголуп кетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Telegram мессенджериндеги жазышууларды эми автоматтык түрдө өчүрүүгө болот, ал эми тайпадан мындай кызматты администратор гана кошо алат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
WhatsApp аркылуу жазышкандарды эми Telegram мессенджерине көчүрүүгө болот
Telegram — бул көптөгөн форматтагы билдирүүлөрдү жана медиа файлдарды жөнөтүүгө мүмкүндүк берген мессенджер. Долбоор 2013-жылы "ВКонтакте" социалдык тармагынын негиздөөчүсү Павел Дуров тарабынан иштелип чыккан.