Жапаров кесиптеши Путин менен көрүштү. Жолугушуунун биринчи сүрөтү

Жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулайт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров россиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, сүрөтүн жарыялады.
1 / 3
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров россиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолукту
2 / 3
Жапаров Путинди ага ылайыктуу күнү Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырган
3 / 3
Ал эми Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалыматка караганда, Жапаров Путинди ага ылайыктуу күнү Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырган. 
"Учурдан пайдаланып сизди Кыргызстанга чакырам. Сизге ылайыктуу болгон күнү биздин өлкөгө расмий сапарыңыз менен келип кетиңиз", — деди Жапаров.
Ал эми Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирди.