Радио

Бешимов: Жапаровдун Россияга болгон сапарынан көп нерсе күтүүгө болбойт

КРдин толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Аскар Бешимов президент Садыр Жапаровдун алгачкы визити Россияга болгону улуттук кызыкчылыктарга туура келерин айтты.
Sputnik
Бул президенттин расмий түрдөгү бет ачар сапары болуп турат. Андан өтө чоң жыйынтыкты күтүүгө болбойт. Мындай пикирин Аскар Бешимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаровдун Владимир Путин менен болгон жолугушуусу өлкөнүн келечектеги багытын тандоого чоң таасирин тийгизет.
"Кыргызстан жана Россия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу биздин өлкөнүн мындан аркы эл аралык мамилесине, багытын тандоого зор таасирин берет. Мындан сырткары, стратегиялык товарлар болгон күйүүчү май, газ, темир, жыгач жана башкалар менен камсыз болууда республика үчүн Россиянын орду чоң. Ошондой эле Евразия биримдигинин ичиндеги өз ара мамилелер да бул жерде көңүл чордонунда болот. Анын ичинде товар жүгүртүү, чек ара иштери, бул уюмда такыр сөз козголбой келген криптовалюта сыяктуу маселелердин мындан аркы тагдыры да ушул жолугушуудан көз каранды", — деди Бешимов.
Элчи Кыргызстан Россия менен мурдагы президенттер жүргүзгөн саясатты улантары же таптакыр башка өңүттө мамиле түзөрү да Садыр Жапаровдун ушул иш сапарында чечилерин кошумчалады. Толук вариантын төмөнкү шилтемеден угуңуздар: