Рактын этибар албаган беш белгиси аталды

Зааранын түсүнө да маани берүү керек. Эгер заара каралжын-күрөң түстө чыкса, анда ал уйку бездеги шишиктен кабар берет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Дарыгерлер адам этибар албаган рактын беш белгисин атады. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, ар бир органда залалдуу шишик пайда болсо, ар кандай белгилерди бериши ыктымал.
Алсак, тамак жутууда кыйынчылык жаралса, ал кызыл өңгөч рагынан кабар бериши ыктымал. Көздүн тегерегиндеги теринин ылдый түшүп калышы өпкөдө залалдуу шишик пайда болгонун божомолдойт. Ал эми адам себепсиз кырылдап, ал кетип жатса, анда кекиртекте рак бар экенин билдириши мүмкүн.
Бутту оорутат. Өлүмгө кептеген дарттын белгиси аталды
Адистер ичтин көбүшү бир топ убакытка чейин кетпесе, медициналык кароодон өтүүнү сунушташкан. Анткени энелик без рагынын белгиси дал ушундай болушу ыктымал.
Мындан сырткары, зааранын түсүнө да маани бере жүрүү керектиги айтылды. Эгер заара каралжын-күрөң түстө чыкса, анда ал уйку бездеги шишиктен кабар берет. Ал эми заара кызыл болуп чыга баштаса, анда бөйрөк же табарсыкты медиктерге көрсөтүп, медициналык текшерүүдөн өтүп коюу сунушталат.