БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусунун сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартиби бекитилди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мектептердин аймагында жер тилкеси жана тийиштүү материалдык-техникалык базасы болгон учурда мектеп алдындагы чарбаны түзүүгө укуктуу болот. Эгер жер-жемиш өстүрүүгө жери болбосо мектеп директору жергиликтүү бийлик органына жер тилкесин берүү тууралуу арызы менен кайрыла алат.
"Мектеп алдындагы чарбалардын болушу окуучуларга айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө жол ачат. Ошондой эле мектептерге азык-түлүк ассортиментин кеңейтүү, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алуу, санитардык-гигиеналык шарттарды жана мектеп инфраструктурасын жакшыртуу үчүн кошумча киреше булактарын түзүүгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда республиканын 1 485 мектебинде 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамактандыруу уюштурулганы белгиленет.
Өкмөттүн билдиришинче, өлкө боюнча мектеп тамактандыруусун уюштурууга жылына бир окуучуга 7-10 сомдон эсептегенде, болжол менен 500 миллион сом бөлүнөт. Бирок бул каражат окуучулардын тамактануу рационун жетиштүү деңгээлде уюштуруу жана витаминдештирүүгө мүмкүндүк бербейт.