Үч жашар Валентина менен жети жаштагы Антонина. Мушкерлердин сейрек сүрөтү

Архивдик сүрөттөн балатынын жанынан Аяз кыз болочок спортчулардын колунан кармап түшкөнүн көрүүгө болот. Бул кадр мушкердин Facebook баракчасында 2 миң 700дөн да арбын кишиге жаккан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан спортчу, UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн жана эжесинин 30 жыл мурдагы сүрөтүн алып чыкты. Архивдик сүрөтүн мушкер Facebook баракчасына жарыялады.
Сүрөттөн балатынын жанынан Аяз кыз болочок спортчулардын колунан кармап түшкөнүн көрүүгө болот. Бир караганда Аяз кыз мушкерлердин апасы Елена Шевченкону элестетет. Бирок Шевченко Sputnik агентттигине сүрөттө ал эместигин билдирди.
"Мен үч жашта, эжем Антонина жети жашта болчу. 1991-жылы Жаңы жылдык балаты майрамында түшкөнбүз", — деп жазган мушкер кыз.
Бул сүрөт спортчунун Facebook баракчасында 2 миң 700дөн көп кишиге жаккан. 
Эске сала кетсек, эже-сиңди Шевченколор көп жылдан бери чет мамлекетте жашап, мелдештерге катышып келишет. Валентина Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жеңил салмактагы чемпиону, ал эми Антонина ушул эле дивизиондо күч сынашат. Спортчулардын энеси КРдин Тай бокс федерациясынын президенти.