Көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды

Көлбаев атындагы туннелден азыр автоунаалар өтө албайт. Тиешелүү кызматтар жолду кардан тазалап жатат. Министрлик аталган чектөө эртең мененки саат алтыга чейин экендигин кошумча кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кечинде Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн, учурда жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жайыл районунда кечки саат 21:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшүп, жол жабылды. Тиешелүү кызматтар жолду тазалап жатат. Көлбаев атындагы туннелден азыр автоунаалар өтпөйт", — деп айтышты ӨКМден.
Министрлик аталган чектөө эртең мененки саат алтыга чейин экендигин кошумча кабарлады.