Экономика жана финансы министри Кармышаковго 8 орун басар дайындалды

Кызмат орундары аткаруу бийлигин оптимизациялоо максатында жасалып жаткан иштердин алкагында түзүлгөнү айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Вице-премьер рангындагы экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковдун сегиз орун басары дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Аталган кызмат орундары аткаруу бийлигин оптимизациялоо максатында жасалып жаткан иштердин алкагында түзүлгөнү айтылат. Анда эки биринчи орун басар, алты орун басар дайындалган.
Борбордук казынанын директору — Нарманбетов Садырбек Жаныбекович.
Агенттик менен ведомстволордун тагдыры чечилип, кимиси каякка кошулары анык болду
Белгилей кетсек, өкмөттүн жаңы түзүмүндө мурдагы Экономика менен Финансы министрликтери бириктирилип, Экономика жана финансы министрлиги негизделген. Ошондой эле анын курамына Салык кызматы, Бажы кызматы, Финансы полициясы, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы, Финансылык чалгындоо кызматы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги дал ушул министрликтин карамагына өткөн.
Мунун башында турган министрге вице-премьер макамы берилген. Ал өлкөнүн бардык киреше булагына жооп берет.