Бишкек — Ош жолундагы кар тазаланып, унаалар өтө баштады

Шаркыратма тилкесине жалпы көлөмү болжол менен 11 200 метр куб кар түшкөн. Анын ичинен унаа жолго 4 500 метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Күн кескин сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы
Тазалоо иштерине бир жүктөгүч, бир грейдер, эки өзү төкмө унаа (самосвал) тартылып, саат 21:40та унаа жол толук тазаланган.
Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторунда киргизилген чектөө алынган. Бирок күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар экени эскертилди.