Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин абактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды

Көлбаев өткөн жылдын октябрь айында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал эми ноябрда ден соолугуна байланыштуу колонияга которулган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын 22-мартка чейин деп тандаган. Көлбаев камактагыларга медициналык жардам көрсөткөн №47 түзөтүүчү колониясында болот.
27-октябрда кызматынан алынган Дүйшөбаев маалымат жыйында кримтөбөлдү колго түшүрүү боюнча чоң шоу ойнотулганын айткан. Ал "ыкчам маалыматы" боюнча сот Көлбаевди ошол эле күнү же эртеси бошотуп жиберет деген. Дүйшөбаевдин тастыкташынча, эгер аны бошотпосо, кылмыш чөйрөсү учурдагы бийликке доомат коёт. Коопсуздук кеңешинин мурдагы башчысы бул айтылгандары толук тастыкталган маалымат эмес экендигин да белгилеген.
Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында алынган маалыматтын негизинде колго түшүрүлгөн.
Материалдар Кылмыш кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") боюнча катталган.
24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев тергөө бүткөнгө чейин камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кийин Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз түшүп, бирок аны жактоочулар кайра артка кайтарып алышкан.
Ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которулган.