БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 24 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алса, 20 бейтап оор абалда жатат. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
Ал эми соңку суткада COVID-19дан көз жумгандар катталган жок.
"Стационарда дарыланууда 379 бейтап жатса, алардын ичинен 90 киши оор, 20 адам өтө оор абалда. Соңку маалыматтар боюнча, 24 кишиге оору жукса, 59 адам айыгып кетти", — деп айтылат маалыматта.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Штабдан амбулатордук дарыланууда 309 бейтап жаткандыгын кабарлашты.