Министрлик: "Спутник V" вакцинасы Кыргызстанда каттоодон өттү

"Спутник V" вакцинасын Россиянын Гамалея илимий борбору иштеп чыккан. Ал Россияда 2020-жылы август айында каттоого алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти коронавирусту профилактика кылуу үчүн "Спутник V" вакцинасына каттоо күбөлүгүн берди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
"Вакцинаны Кыргызстанда каттоо жакынкы аралыкта калкты коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет", — деп айтылат маалыматта.
"Спутник V" вакцинасын Россиянын Гамалея илимий борбору иштеп чыккан. Ал РФте 2020-жылы август айында каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын бийлиги "Спутник V" вакцинасын алууга кызыкдарлыгын билдирген. Бул препарат дүйнөдө биринчилерден болуп каттоого алынган COVID-19га каршы вакцина болуп саналат.