Шаршембиге карата аба ырайы

24-февралга караган түнү кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Шаршембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында +2...+7 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +3...+8, Ысык-Көл аймагында +6...+11 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, борбор калаада күндүн табы +4...+6, Ошто +2...+7 градуска көтөрүлөрү айтылды.