Бишкекте ЖМКлардын биринин жетекчиси кармалды. Сүрөт

Маалымат агенттигинин жетекчиси УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы маалымат агенттиктеринин биринин жетекчиси 84 миң сом опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жергиликтүү маалымат агенттиктеринин биринин М.У.К. аттуу жетекчиси 22-февраль күнү колго түшкөн. Ишенимдүү маалымат булагы кармалган аял “Кабарлар” маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова экенин билдирди. 
1 / 5
Кыргызстандагы маалымат агенттиктеринин биринин жетекчиси 84 миң сом опузалоого шектелип кармалды
2 / 5
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады
3 / 5
Ага ылайык, жергиликтүү маалымат агенттиктеринин биринин М.У.К. аттуу жетекчиси 22-февраль күнү колго түшкөн
4 / 5
Маалымат агенттигинин жетекчиси УКМКнын тергөө абагына киргизилген
5 / 5
Учурда тергөө амалдары уланып жатат
"Кармалган аял арыз ээсинен мас абалында кайгуул милициясына түшүп калган видеоматериалды өчүрүү үчүн акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта. 
Факты Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча бирдиктүү реестрге катталды.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, териштирүү амалдары уланып жатат.