БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 72 кишиден табылып, 76 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 001ге жетти.
Айыккандар:
Кыргызстан ичинде ооруну 82 879 бейтап жеңгени маалым болду.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус эки бейтаптын өмүрүн алган. Пандемия башталгандан бери коронавирустан өлкөдө жалпы 1 460 бейтап акка моюн сунду.
Азыркы тапта ооруканаларда 383 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Алардын ичинен 90у оор абалда болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Кечээтен бери медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.