Бирдиктүү салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алына баштады

1-мартка чейин салык органдарынын кызматкерлери иш күндөрү жана дем алыш күндөрү декларацияны жумуш убактысынан тышкары да кабыл алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштаганын билдирди.
Салык органдары салык төлөөчүлөргө ар тараптан, толук кандуу жардам көрсөтүү максатында Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өткөнү белгиленди.
Радио
Токтошев: бир тонна күйүүчү майга 2000 сомдон салык алуу сунушталууда
1-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, аймактык салык органдарынын кызматкерлери алдыдагы жана дем алыш күндөрү да декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат.
Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18:00дөн кийин түнкү саат 24:00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү саат 09.00дөн 24:00гө чейин тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.
1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү экени эскертилди.
Салык, Бажы кызматтары, Мүлк фонду Экономика жана финансы министрлигине кошулат
Ошондой эле 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. Андан сырткары, юридикалык жакты түзбөй туруп дыйкан жана фермердик чарбалар менен алектенгендер тапшырышы керек.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.