Таң каласыз! Быйыл ЖОЖго тапшырган студенттер тандаган кесиптердин тизмеси

Быйылкы окуу жылында 214 миңден ашык адам ЖОЖдордун 1-курсуна кабыл алынса, алардын 24 пайызы окутуучулук кесипти тандады.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 2020-2021-окуу жылында жогорку окуу жайларда педагогика тармагына суроо-талап баарынан жогору болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Пакистандыктар көбөйүп, индиялыктар азайды. КРде окуган чет элдик студенттер
Бул көрсөткүчтөр айрым кесиптер жаштар арасында популярдуу болуп бара жатканынан дагы кабар берет. Мисалы, 2016-2017-окуу жылына салыштырмалуу мугалим болгусу келгендердин саны 3,3 эсеге, экономист болгусу келгендердики 2,7 эсеге, медик болгусу келгендердики 2,6 эсеге өскөн. Ошондой эле гуманитардык жана социалдык адистикти тандагандар 1,8 эсеге көбөйгөн.