Бүгүн Жерге көлөмү стадиондой болгон астероид жакындайт

Окумуштуулардын эсебине караганда, диаметри 213 метрге жакын 2020 XU6 астероиди планетага төрт миллион чакырым жерге чейин келет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бүгүн, 22-февралда, Жерге көлөмү стадиондукундай астероид жакындайт. Бул тууралуу НАCА уюмуна шилтеме берип РИА Новости жазды. https://www.jpl.nasa.gov/asteroid-watch/next-five-approaches
Окумуштуулардын эсебине караганда, диаметри 213 метрге жакын 2020 XU6 астероиди планетага төрт миллион чакырым жерге чейин келет.
Ошондой эле бул күнү Жердин жанынан диаметри 23 метрлик 2020 BV9 (5,6 миллион чакырым аралыкта) жана диаметри 40 метрлик 2021 CC5 (6,9 миллион чакырым) астероиди өтөт.
Ал эми жекшемби күнү Жерге жакын аралыкта 2021 DD1 жана 2021 DK1 астероиддери өткөнү айтылат.