Си Цзиньпин кесиптеши Садыр Жапаровду Кытайга чакырды

Садыр Жапаров КЭР өкмөтүнүн Кыргызстан элине коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү боюнча чечимине ыраазычылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бүгүн, 22-февралда, Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Эки өлкөнүн башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык жактан кызматташууну кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдар, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашкан.
“Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына расмий киришүүсү менен дагы бир жолу куттуктап, Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды”, — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Жапаров Си Цзиньпинди Ай календары боюнча өтүп кеткен Жаз майрамы менен куттуктаган. Ал Кытай тарапка ар тараптуу колдоосу үчүн, анын ичинде КЭР өкмөтүнүн Кыргызстан элине коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү боюнча чечимине ыраазычылык билдирген.