Сүлүктүдө мечиттен 77 миң сом уурдады делген адам кармалды

20-февралга караган түнү белгисиз адамдар Сүлүктү шаарындагы мечиттердин биринен 77 000 сомдон ашуун акча уурдалганы аныкталып, милиция териштирүү баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында мечиттердеги садака кутучаларынан акча уурдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
20-февралга караган түнү белгисиз адамдар Сүлүктү шаарында жайгашкан "Нур-Вали" мечитиндеги темир сейфти бузуп, 77 000 сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Шашпайт го. Бишкек сотун жойлоп, эшиктерин күч менен ачып жүргөн кишинин видеосу
Факт Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Кулунду айылындагы базардан мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү шаардагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап жүргөндүгү аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.