Гүлнара-Клара Самат Россияга элчи болуп дайындалды

Жаңы дайындалган элчи Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын катарында катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өмүрбек Суваналиев Баткен облусун жетектемей болду
2020-жылдын октябрь айына чейин аталган кызматты Аликбек Жекшенкулов аркалап келген. Бирок мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып, аны дагы элчиликтен бошоткон.
Ал эми Гүлнара-Клара Самат "Ата Мекен" партиясынан депутат болуп турганы менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын катарында катышкан.