Оорусаңыз дароо кайрылыңыз. Бишкектеги бейтапканалардын телефон номерлери

Шаар бийлиги эгер ооруп калсаңыз үйдө өз алдынча дарыланбай, дароо үй-бүлөлүк дарыгерлерден кеңеш алууну эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаадагы бейтапканалар дем алыш күндөрү дагы штаттык режимде иштей турганын айтып, медиктердин жардамы керек болсо дароо кайрылууга чакырды.
Шаар бийлиги эгер ооруп калсаңыз үйдө өз алдынча дарыланбай, дароо үй-бүлөлүк дарыгерлерден кеңеш алуу керектигин эскертет.
Мэрия борбор калаадагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) ишеним телефондорун жарыялады:
Ленин райондук Биргелештирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 0990 888030; 0312 644542;
Октябрь райондук Биргелештирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 0990 888036; 0312 570291;
Биринчи Май райондук  Биргелештирилген үй-бүлөлүк медицина борбору —0990888071; 0312 325232;
Свердлов райондук  Биргелештирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 0701 103002; 0312 635123;