БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде такси кызматынын унаасы эл ташыган автобус менен кагышып кетти. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Жол кырсыгы бүгүн эртең менен Махатма Ганди менен Веселая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жеринен тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Милициянын маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен таксинин жүргүнчүсү жабыркаган. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.