Араванда акча талап кылган соттук-медициналык эксперт кармалды

Араван райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу корутунду берүү үчүн жабырлануучунун туугандарынан акча талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Араван райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, 18-февраль күнү жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылган. Ал райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы жашы жете элек кызга зордуктоо фактысы боюнча корутунду берүү үчүн акча каражатын талап кылгандыгын маалымдаган.
Араван райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалды
Адис 1100 сом акча каражатын алган соң дагы 3000 сом берүүнү талап кылганы айтылат.
60 миң сом пара алган. УКМК Эсеп палатасынын инспекторун кармады
Бул факт Жазык кодексинин 238-беренеси ("Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, ыкчам-тергөө иштери башталган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Араван районунун соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы арыз ээсинен акча каражатын алуу үчүн өзүнүн таанышын жиберген. Тергөөчүлөр акчаны накталай алып жаткан учурда видеого тартып алышкан. Натыйжада акча алууга келген адам дагы, шектүү адис дагы кармалган.
Мыйзамсыз акча алууга шектелген соттук-медициналык экспертизанын адиси мурда дагы ушундай факт менен жоопкерчиликке тартылгандыгы кошумчаланды.