Актердук билими жок эле кыргыз театрын түптөгөн дөө-шаалар көп болду. Алардын агымында Жамал эже да бар эле. Мени бул жарык дүйнөгө апам алып келип тарбиялаган болсо, Жамал эже менин мүмкүнчүлүктөрүмдү, жөндөмүмдү болушунча ачып, Чалабаев болуп калыптанышыма себеп болду. Бул тууралуу Эгемберди Чалабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Режиссердун айтымында, Жамал Сейдакматова жаны кыйналган кезде ыйлап жиберчү, балдары "Жамал эже кранды ачып койду" деп тамашалап, сооротуп калышчу.
"Азыр кыргыз театрында бул кишидей уюштуруучу, бир идеяны ишке ашырып кете ала турган устат көрө албай турам. Токсонунчу жылдары 50 жашында эженин болуп турган убагы эле. Сүт көл, май көл жашоодо жашап жатса дагы актрисалык тагдырына балта чаап туруп, мен сыяктуу салпактап массовкада найза көтөрүп жүргөн балдарды ээрчитип, Кыргыз мамлекеттик драма театрынан бөлүнүп чыгып кеттик. Санаалаштар менен "Тунгуч" жеке театрын ачты. Эже Асылбек Өзүбековду башчы кылып, "сен муну уюштура кал" десе, Мурат Мамбетовду "бар, тигини тарта сал" дейт эле. Мен болсо кызганып "эмнеге эле Мукени тарт дей берет, биз деле кылсак болбойбу" деп калчумун. Көрсө ал киши ар бирибиздин артыкчылыгыбызды байкап ошого жараша иш бөлүштүрүп койчу экен. Бир жолу Жамал эже Жал айылынан ижарага жер алып, "балдар, кудай буюрса жашооңор оңолот" деп келип калыптыр. "Биз эмне кылабыз?" десек, "ал жерге картошка, бадыраң тигебиз" деди. Ар бирибизге жер тилкеси бөлүндү. Мурат экөөбүз картошка эгип коюп, бир да жолу түптөп, сугарбастан, гастролдон келип казсак эле эч нерсе жок. Мен болсо кайран эмгек деп коем. Анан эже биздин бул жерде оокат кыла албай турганыбызды түшүндү. Анан концерттик ишке өтүп кеттик", — деди Чалабаев.
Ал Жамал Сейдакматова бул жашоого кандай максат койсо, анын баарын ишке ашыра алганын кошумчалады.