Радио

Наралиева: адамдын көздөгөн максатына жетиши анын аракетине жараша болот

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун психология кафедрасынын доценти, психолог Бермет Наралиева максат коюу жана ага жетүү жолдорун айтып берди.
Sputnik
Адамда алдыга коюлган максаттар көп болушу керек. Ал эми ага жетүү жасаган аракетиңе жараша болот. Мындай пикирин Бермет Наралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Психологдон кеңеш" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адам өзүнүн дүйнө таанымына, көрөңгөсүнө жараша максат коет.
"Ар бир адамдын алдыга койгон максаты болушу керек. Анткени ошол учур адамдын өз каалоосун так аныктаганы болот. Улуттук психологияда "Кудайдан төө сурасаң жылкы берет" деген сыңары, максаттын көп болгону жакшы. Анын канчасына жете аласыз, сиздин аракетиңизге жараша убакыт көрсөтөт. Маселен, адам өз ой чабытына, умтулуусуна жараша кыялдарга батат. Андан конкреттүү максат пайда болуп, ага карата эмгектенүү, аракеттенүү керек. Ошол натыйжага жетүү туура жолдор менен ишке ашуусу дагы өзгөчө мааниси бар. Мисалы, кимдир бирөө автомашина алууну максат кылса, ага жетүү үчүн каражат табуу керек. Ошол каражатты тоноп, уурдап жана башка жаман жолдор менен табууну көздөгөн албетте, туура эмес", — деди Наралиева.
Психолог максаттын ишке ашпай калышына пессимисттик ой жүгүртүү дагы түрткү боло турганын кошумчалады.