Кыргызстанда жеңил атлетиканын кросс түрү боюнча чемпионат өтөт

Спорттук мелдешке 15 жаштагы өспүрүмдөрдөн баштап ар кыл курактагы каалоочулар 500 метрден сегиз чакырымга чейинки аралыкта ат салышат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Борбор калаада жеңил атлетиканын кросс түрү боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионат 14-март күнү Кара-Жыгач сейил багында уюштурулат. Ага 15 жаштагы өспүрүмдөн баштап жогорку окуу жайдын студенттери жана ар кыл курактагы каалоочулар катыша алат.
Спортчулар 500 метрден сегиз чакырымга чейинки ар кандай аралыкта ат салышары белгилүү болду.