COVID: 6 бейтап каза таап, 54 адам оору жуктурду. 21-февралдын статистикасы

Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан улам көз жумгандар дээрлик күн сайын катталууда. Бүгүнкү статистикада алардын саны кескин өсүп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 6  киши көз жумса, 54  адамдан аталган инфекция табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
"Учурда COVID жугуп ооруканада жаткандардын ичинен 100 бейтап оор, 24 адам өтө оор абалда. Өткөн суткада Бишкек шаарынан - 5, Жалал-Абад облусунан 1  адам көз жумду", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Стационарда 396 бейтап жатса, амбулатордук дарыланууда 339 киши бар экендиги кабарланды.
Бүгүнкү статистика боюнча, COVID-19 республикада 54  адамдан табылса, 66 киши ооруну жеңип, айыгып кеткен.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар: