Жекшембиге карата аба ырайы

21-февралга караган түнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкө боюнча жамгыр жаашы болжолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…+5, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Ысык-Көлдө +1…+6, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градус болору айтылды.