Россияда H5N8 вирусу жуккан алгачкы учур катталды. Дарт эмнеси менен кооптуу

Вирус мутацияланып, адамдан адамга жуга баштайт деген коркунуч бар. Адистер бардык нерсеге даяр болууга чакырып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Россияда куш тумоосунун H5N8 вирусу адамга жуккан алгачкы учур катталып, лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Поповага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Россияда коронавируска каршы үчүнчү вакцина каттоодон өттү
Ал аталган вирус азырынча адамдан адамга жукпай турганын белгилеп, ошону менен бирге кийинки мутациясы жугуу кооптуулугун жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
"Вирус кишиден кишиге жуккудай болгучакты биз, дүйнө жүзү, даярданып, бардык өзгөрүүлөргө карайлабай, өз убагында жооп кайтара алгыдай деңгээлге жетишибиз керек. Мында тест-система иштеп чыгуу, вакциналык платформаларды даярдоо тууралуу сөз болуп жатат", — деди Попова.
Ал ушул алкактан алып караганда россиялык окумуштуулардын эмгеги ат көтөргүс экенин кошумчалады.