Рамзан Кадыровдун этегине аз жерден ысык тамак түшүп кете жаздады. Видео

Белгилүү түрк ашпозчусу Бурак Өздемир тамакты адаттагыдай эле өзгөчө таланты менен жасап, Кадыровдун алдына коердо аз жерден түшүрүп жиберейин деген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Дубайга барганда атактуу түрк ашпозчусу Бурак Өздемирдин колунан тамак жеп кетти.
CZN BURAK ресторанындагы видеону Кадыров "ВКонтакте" тармагындагы баракчасына чыгарды.
Өздемир тамакты адаттагыдай эле өзгөчө таланты менен жасап, Кадыровдун алдына темир табакты коердо аз жерден түшүрүп жиберейин деген. Кадыров менен түрк ашпозчусу күлкү аралаш кыйкырып, кучакташышкан.
Андан соң "Ахмат — сила" деген жазуусу бар узун чоң нан менен сүрөткө түшүшкөн.
Чеченстандын башчысы түрк ашпозчусунун меймандостугуна ыраазычылыгын билдирип, жаштарды бизнес жүргүзүүдө Өздемирден үлгү алууга чакырган.