БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасын жана дарыканалардагы бааны тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Анын айтымында, акыркы күндөрү коронавирус менен ооругандардын көбөйүшү кооптондуруп жатат.
"Ооруга чалдыккандардын саны сакайгандардын санынан жогору болууда. Бүгүнкү күндө абал туруктуу, бирок биз ар кандай кырдаалга даяр турушубуз керек. Чүй облусунун Кемин жана Ысык-Ата райондорундагы абал жакшы эмес. Аймактардын, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө күчтөндүрүлүшү керек", — деди Новиков.
Ошондой эле ал сезондук курч респиратордук вирустуу инфекцияларга жана бактериялык пневмонияга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты.
"Өлкө боюнча саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасын жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл. Ар бир райондогу эпидемиологиялык абал өзгөчө көзөмөлдө болсун. Биз ар бир райондук ооруканадагы абалды контролдоп, оңдоо иштери жыйынтыкталган соң кошумча инфекциялык бөлүмдөрдү ачабыз", — деди ал.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, учурда аймактарда кошумча орундарды көбөйтүү боюнча иш жүрүүдө. Алгач 3 500 орун даярдалат, анын 500дөн ашууну интенсивдик терапия палатасында, ага кошумча, дагы 3 400гө жакын орун ачылат.