БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев менен Михаил Мурашко республикага "Спутник V" вакцинасын жеткирүү, саламаттык сактоо системасындагы материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана КР медиктеринин РФтен тажрыйбасын арттырып келүү маселелерин талкуулашты.
Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев менен Михаил Мурашко республикага "Спутник V" вакцинасын жеткирүү, саламаттык сактоо системасындагы материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана КР медиктеринин РФтен тажрыйбасын арттырып келүү маселелерин талкуулашты
© Фото / пресс-служба Минздрава КР
Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта Бейшеналиев учурда иш сапары менен Москва шаарында экени айтылат.
Мындан тышкары, Россия тарап тез курулуучу мобилдүү клиниканын курулушуна жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөрү белгиленди.
Бейшеналиев өз сөзүндө Россияга коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатканына ыраазычылык билдирди.