Бүгүн сакайгандардын саны алда канча көбүрөөк. COVID статистикасы

Коронавирус жугузуп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. Экөөнү бириктиргенде акыркы 24 саат ичинде 40 кишиден вирус табылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 59 кишиден табылып, 107 бейтап сакайып кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жалпы 85 831 кишиден табылды.
Айыккандар:
Жуктургандардын ичинен басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 82 690 адам дартты жеңген.
Казакбаев: вакцина чыгарууну үйрөнүү үчүн Россияга адистерди жиберүү каралууда
Оору бир сутка ичинде Бишкек шаарынан бир, Ысык-Көл облусунан бир адамдын өмүрүн алган. Муну менен акка моюн сунгандардын саны 1 452ге жетти.
Учурда ооруканаларда 391 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 105 бейтаптын абалы оор болсо, 20 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде Бишкектен бир медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда жети медик ооруну жеңгени айтылды.