Пакистандыктар көбөйүп, индиялыктар азайды. КРде окуган чет элдик студенттер

Өлкөдөгү ЖОЖдордо 63 миңден ашуун чет элдик студент билим алууда. Алардын 69 пайызы — Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген республикалардан келгендер.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында билим алгандардын 29 пайызга жакыны чет элдик студенттер. Бул тууралуу Улуттук статистика мамлекеттик комитети кабарлады.
БАЭдеги фонд Кыргызстанга билим берүү комплексин курат
Андан сырткары, 2016-жылдан бери КМШга кирбеген республикалардын жаштары 6000ден 19 миңге чейин көбөйгөн. Анын ичине индиялык студенттердин саны 10 пайызга төмөндөсө, пакистандыктар алты пайыздан 31 пайызга чейин көбөйгөн.