Кочкордун Бугучу айылына мектеп салынды. Сүрөттөр

Кыштактагы балдар буга чейин үч чакырым алыстыкта жайгашкан мектепке барып-келип окуп келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бугучу айылында алгачкы ирет билим уясы салынып жатат. Жаңы мектепти аймактык кабарчы көрүп келди.
1 / 4
Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бугучу айылында алгачкы ирет билим уясы салынып жатат
2 / 4
Аталган айылда буга чейин мектеп болгон эмес
3 / 4
Бугучу айылынын 224 окуучусу ушул күнгө чейин үч чакырым алыстыктагы Кум-Дөбө айылындагы мектепке барып билим алышат
4 / 4
150 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу имарат 96 сотых аянтта жайгашкан. Окуу жайды 2019-жылы жазылган долбоордун негизинде аравиялык кайрымдуулук фонд куруп берген.
Аталган айылда буга чейин мектеп болгон эмес. Бугучу айылынын 224 окуучусу ушул күнгө чейин үч чакырым алыстыктагы Кум-Дөбө айылындагы мектепке барып билим алышат.
Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар оңдолот. Тизме
150 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу имарат 96 сотых аянтта жайгашкан. Окуу жайды 2019-жылы жазылган долбоордун негизинде аравиялык кайрымдуулук фонд куруп берген. Жалпы наркы 55 миллион сомду түзгөн бул заманбап мектептин курулуш иштери бүгүнкү күндө дээрлик толугу менен аяктаган.
Кочкор районунун акиминин орун басары Элмира Садыкованын берген маалыматына караганда, аталган мектептин ачылышы үстүбүздөгү жылдын 1-мартында болмокчу.