Илимпоздор адамдын ичегисинен вирустун 140 миң түрүн табышты

Окумуштуулардын ою боюнча, аныкталган вирустардын көбү адам үчүн кооптуу эмес. Анткени алар Зика жана SARS-CoV-2 вирустары сыяктуу коркунучтуу РНК-вирустарынан айырмаланып турушат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Британиянын генетиктери адамдын ичегисиндеги вирустарды текшерүү боюнча ири изилдөөсүн жыйынтыктаганын "Известия" басылмасы кабарлады.
Ага ылайык, изилдөө жүргүзүү үчүн окумуштуулар дүйнөнүн ар кыл бурчунда жашаган адамдардан анализ алып, алардын 28 миңден ашык үлгүсүн текшерип чыгышкан. Жыйынтыгында адамдын ичегисинде вирустун 140 миңден көп түрү бар экени аныкталган.
"Илимпоздор ичегиден вирустун 142 809 түрүн табышкан. Анын жарымынан көбүн буга чейин кезиктиришкен эмес. Адистер бул вирустардын баарынын зыяны деле жок экенин эскертти", — деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулардын ою боюнча, аныкталган вирустардын көбү адам үчүн кооптуу эмес. Анткени алар Зика жана SARS-CoV-2 вирустары сыяктуу коркунучтуу РНК-вирустарынан айырмаланып турушат.