БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. ЕАЭБдин 2021-2023-жылдарга карата транспорттук саясатынын жол картасынын долбоору макулдашылды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Чогулгандар эл аралык жүк ташууларды либералдаштыруу, темир жол транспорту жаатындагы маселелер жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде каттоо боюнча авиакомпанияларга бирдей шарт түзүп берүү маселелерин карашты.
"Жол картасында биримдикке кирген өлкөлөрдүн транспорттук мыйзамдарын бир системага алып келүү, электрондук транспорттук документтерди кабыл алуу жана евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, анын ичинде транспорт-логистикалык борборлорду ачуу боюнча айтылат. Ошондой эле ири габариттүү жана кооптуу жүктөрдү ташуу механизмдерин жакшыртуу сунуштары дагы бар", — деп жазылат билдирүүдө.
Долбоорду бекитүү маселеси 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгына пландалууда.