Чектөөгө карабай чардап майрамдаган бразилиялыктар. Карнавалдан сүрөттөр

Sputnik

Салтка айланган эң чоң карнавал Рио-де-Жанейро шаарында өткөрүлдү. Ага миллиондогон жергиликтүү тургун, жүз миңдеген туристтер катышууда. Майрамдык иш-чара бир нече күнгө созулат.

Бул жылы карнавал февраль айында болушу керек эле, бирок Рио-де-Жанейронун мэри пандемиядан улам майрамды өткөрүүдөн баш тартты. Ага карабай баразилиялыктар уюштуруп алышты, албетте, мында адаттагыдан жупунураак болду.

 

1 / 12
Рио-де-Жанейродогу карнавалдын катышуучусу
2 / 12
Түркүн түскө боёлгон костюмдар карнавалдын көркүн ачкан кийим десе болот
3 / 12
Рио-де-Жанейродогу карнавалда иттердин парадында жаныбарын кучактап турган кыз
4 / 12
Албетте карнавал фейерверксиз өтпөйт
5 / 12
Бул жылы майрам адаттагыдан жупунураак өтүп жатат
6 / 12
Иттердин парадында бет кап тагынып келген жаныбар кожоюну менен сүйлөшүп жаткандай
7 / 12
Көпчүлүктүн көңүлүн бурган кызыктуу кадрлардын бири ушул болду
8 / 12
Карнавалдын катышуучуларынын бири узун тилдүү жандыктын элесин чагылдырган
9 / 12
Бразилиядагы карнавал майрамы бир гана адамдар үчүн эмес
10 / 12
Пандемия жана чектөөлөргө карабай бразилиялыктар өздөрүнө майрамдык маанай жарата алышты
11 / 12
Карнавал менен футбол ар бир бразилиялыктын жашоосунун ажырагыс бөлүгү
12 / 12
Эл алдында талантын тартуулоого камынып жаткан өнөрпоздордун бири