Райым Матраимов эки айга камакка алынды

Эки күн мурун кармалган Матраимовдун баш коргоо чарасы бүгүн каралды. Ал арада анын тарапташтары митинг уюштуруп турушту.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Мадина Ниязова билдирди.
Матраимовдун баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту тандады.
Эске салсак, Райымбек Матраимов 18-февраль күнү кайра кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасы каралмак.
Ташиев депутат Жумалиевди УКМК кармаганда эмне дегенин айтып берди
Биринчи жолу өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.