Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бир да шайлоого катыша албайт. Мыйзам долбоору

ИИМ белгилегендей, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда уюшкан кылмыштуу топтун курамында кылмыш жасагандар же ага байланышы барлар саясий кызматтарга талапкерлигин кое алышпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана аларга байланышы бар адамдарды президент жана парламенттик шайлоого катыштырбоо сунушталууда.
ИИМ "Президент жана ЖК депутаттарын шайлоо боюнча" жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет тууралуу" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.
Мындан сырткары, мыйзамга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү кеңештин депутаты болбогондой жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга дайындала албагандай өзгөрүү кирүүдө.
Ташиев: уюшкан кылмыштуу топ кадр саясатына чейин киришип келген
ИИМ билдиргендей, мындай кызматтарга соттолгон адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун курамында болгондор дайындалбаш керек. Ушул эле категорияга кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын коргоп кылмыш кылгандар же ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тургандар да кирери кошумчаланды.
Министрлик уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү криминалдык акчаларды легалдаштыруу үчүн саясий партияларга, коомдук кыймылдарга кирип алышарын эскерткен. Мындан сырткары, кылмышкерлер тарабынан партияларды каржылоо да кооптуу тенденция экени белгиленди.
ИИМ акыркы жылдары криминал чөйрөсүнүн өкүлү жок бир да парламенттик шайлоо кампаниясы өтпөй калганын кошумчалаган.
"Уюшкан кылмыштуу топтун кулачын жайып баратканы мамлекеттин жана коомдун коопсуздугуна коркунуч жаратат", — деп айтылат маалыматта.
Азыр конституциялык мыйзамга ылайык, соттолгондугун жойбогондор президенттик жана парламенттик шайлоого катышууга укугу жок.