Японияда коронавирустун жаңы штаммы аныкталды. Эмнеси менен кооптуу

Японияда COVID-19дун мутацияланып кетиши учурдагы вакциналардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү болжолдонууда. Ошондой эле бат тараган касиети болушу ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Японияда коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын РИА Новости жазды.
Өлкөнүн Улуттук инфекциялык институтунун маалыматы боюнча, COVID-19дун мутацияланып кетиши учурдагы вакциналардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн. Ошондой эле бат тараган касиетке ээ экендиги болжолдонду.
Вирусолог жазында коронавирус боюнча кырдаал кандай болорун боолголоду
Япониянын өкмөтүнүн башкы катчысы Кацунобу Като коронавирустун жаңы штаммы 93 кишиден аныкталганын билдирди. Эки бейтаптан оору өлкөгө учуп келгенде, калганы Канто аймагында аныкталган.
Японияда пандемия башталгандан бери коронавирусту 424 миң киши жуктурду, анын 7,37 миңи оорудан көз жумду.