УКМКнын бөлүм башчысы Медеров Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жетекчиси болду

Буга чейин фондду башкарып келген Алдаярбек Тойгоналиев ден соолугуна байланыштуу өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун башкармалык боюнча дирекциясынын башчысы болуп Самат Медеров дайындалды. Бул туурасында фонддун Facebook баракчасында маалымдалат.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев тааныштырды.
Буга чейин фондду башкарып келген Алдаярбек Тойгоналиев ден соолугуна байланыштуу өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.
Самат Медеров 1976-жылы 27-июнда туулган. Москва ишкердик жана укук институтунун Караколдогу филиалында Бухучет жана аудит адистигин аяктаган. Ошондой эле 2007-2009-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридика академиясында окуган. Египет, Россия жана Кытайга барып билимин жогорулатып келгени айтылат.
Эмгек жолу:
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. "Улуттук коопсуздук органынын мыктысы" аталган.