БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаардык жылуулук электр борборунда коррупциялык схема аныкталганын маалымдады. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Тактап айтканда, мончолор, спорт залдар, медициналык клиникалар жана көп кабаттуу турак үйлөр шаардын жылуулук борборуна атайын эрежелер сакталбай туруп мыйзамсыз кошулган. Ал эми аталган объектилерден түшкөн каражатты ЖЭБдин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери өздөрү алып турушкан. Мындай коррупциялык схеманын кесепетинен мамлекет ири суммада зыян тарткан.
Учурда келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана ушул сыяктуу аракеттерди тактоо иштери улантылып жатканы айтылды.