Нарында төрт айдан бери изделип жаткан аял аман-эсен табылды

40 жаштагы Гүланда Аманалиева өткөн жылдын 30-октябрынан бери изделип жаткан. Кочкор райондук милициясы аны таап туугандары менен жолуктурду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Нарын облустук милициясы тарабынан төрт айдан бери изделип жаткан Гүланда Аманалиева табылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
40 жаштагы аял өткөн жылдын 30-октябрында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Нарын облустук милициясы тарабынан төрт айдан бери изделип жаткан Гүланда Аманалиева табылды
"Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Гүланда Аманалиева аман-эсен табылып жакындарына өткөрүп берилди", — деп жазылат маалыматта.
Гүланда Аманалиеванын төрт ай бою кайда жүргөнү тергөө кызыкчылыгына байланыштуу айтылган жок.