Бишкекте Матраимовду колдогондордун митинги өтүүдө. Сүрөт, видео

УКМКнын жанында жүргөн кабарчыбыз журналисттерди кошпогондо Матраимовду колдогон 70ке чукул киши жүргөнүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышына нааразы болгон топтун митинги өтүп жатат.
1 / 5
Бишкек шаарында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышына нааразы болгон топтун митинги өтүп жатат
2 / 5
Митинг УКМКнын жанында, скверде өтүүдө
3 / 5
Ал жерге келген Матраимовдун тарапташтары "Матраимов качкан жок", "Матраимовдой ким акча жеди?" деген дагы бир катар жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан
4 / 5
Ал жерде жүргөн кабарчыбыз 70ке чукул киши жүргөнүн билдирди
5 / 5
Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайра кармалган.
Митинг УКМКнын жанында, скверде өтүүдө. Ал жерге келген Матраимовдун тарапташтары "Матраимов качкан жок", "Матраимовдой ким акча жеди?" деген дагы бир катар жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Ал жерде жүргөн кабарчыбыз 70ке чукул киши жүргөнүн билдирди.
Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайра кармалган.
Эске салсак, Райым Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
УКМК Матраимовго байланыштуу иштер боюнча түшүндүрмө берди
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.