Матраимовдун тарапташтары эми соттун имаратынын алдына барышты. Сүрөт

Аткаминерди колдогондор Матраимовду бошотууну талап кылган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Борбор калаада Биринчи май райондук сотунун алдында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат.
Алар колдоруна мурдагы аткаминерди бошотууну талап кылган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Матраимовду сотко баш коргоо чарасын тандоо үчүн алып келери күтүлүүдө.
1 / 3
Борбор калаада Биринчи май райондук сотунун алдында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат.
2 / 3
Алар колдоруна мурдагы аткаминерди бошотууну талап кылган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
3 / 3
Матраимовду сотко баш коргоо чарасын тандоо үчүн алып келери күтүлүүдө.
Буга чейин анын тарапташтары УКМК имаратынын алдына чогулушкан. Кийинчерээк соттун имаратына чейин жөө барышкан. Мындан сырткары, Матраимовдун кичи мекени болгон Кара-Суу районунда да аткаминердин тарапташтары чогулуп, нааразычылыктарын билдиришкен.
Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайра кармалган.
Матраимовдун кичи мекениндеги тарапташтары дагы митингге чыгышты. Видео
Ал өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан колго түшкөн. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.