Айыккандардан жуктургандар көп. COVID үч кишинин өмүрүн алды

Көз жумгандардын бардыгы Бишкек шаарында дарыланып жаткан. Коронавирус инфекциясы расмий эсепте 1 450 кишинин өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 58 бейтап коронавирустун айыкты, тилекке каршы, 83 киши илдет жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Коронавирусту жеңгендердин саны жалпы жонунан 82 583кө жетти.
Өткөн суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда жалпысынан 85 772 адамдан коронавирус табылды.
Балдардан ПЦР-тест алынат. Өкмөт мектеп, бакчаларга бир нече тапшырма берди
Тилекке каршы, COVID-19 илдетинен акыркы суткада үч киши көз жумду. Алар Бишкек шаарында дарыланып жаткан. Коронавирус расмий эсепте 1 450 кишинин өмүрүн алды.
Ал эми стационарда 411 бейтап дарыланууда, алардын ичинен сегиз адамдын абалы канааттандырарлык, 271и орточо, 115и оор жана 17си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 386 бейтап бар.